Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:27

Дарыгерлер кырсыктан жабыркаган аймактарда нөөмөттө турушат


Жер көчкү жүргөн Майлы-Суу шаарында, Өзгөн районунда жана жер титирөөдөн жабыркаган Чоң-Алай районундагы төрт айылда дарыгерлердин жети адистен турган нөөмөттүк бригадалары күнү-түнү иштеп жатышат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Жалпак-Ташта, Чоң-Алайда чатырларда жашап жаткан эл менен катар эле биздин дарыгерлер да чатырда жашап, жергиликтүү тургундарга тиешелүү медициналык жардамды көрсөтүп жатышат. Жети кишиден турган бригадалар нөөмөт менен иштеп атышат.

Министрдин маалыматы боюнча, силкинүүдөн улам Чоң-Алайдын төрт айылындагы төрт медициналык мекеме: бир төрөткана, эки оорукана жана бир ФАП авариялык абалга кептелген. Андагы оорулуулар баары аймактык жана райондук ооруканаларга көчүрүлгөн. Талантбек Батыралиев дары-дармек, медициналык жабдуулар жагынан эч кандай маселе жоктугун да кошумчалады.

Өзгөндөгү жер көчкү отузга чукул кишинин өмүрүн алган. Чоң-Алайдагы бир нече жолу катталган силкинүү сегиз үйдү жараксыз абалга келтирип, 600 чамалуу үйдү авариялык абалга кептеген. Турак жайлардан тышкары бир нече мектеп жана мечит да жабыркаган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG