Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:36

АКШ Сириядагы күрд бөлүктөрүн курал менен камсыздайт


АКШ президенти Дональд Трамп Сирияда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшкөн күрд аскер бөлүктөрүнө курал-жарактарды түз жеткирүү боюнча планды колдоду. Бул тууралуу Вашингтондо расмий түрдө жарыяланды.

The Wall Street Journal билдиргендей, мындай жол менен Ракка шаарын ээлеп алган жихадчыларга каршы чабуул жасаганга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Ошол эле маалда Вашингтондун бул чечимине Түркия нааразы болушу мүмкүн. Алар күрд козголоңчуларын террорчулар катары эсептешет.

Күрддөргө курал жөнөтүү маселеси бир нече айдан бери талкууланып жаткан. The Wall Street Journal Сириядагы “Элдик коргонуу отряддары” күрд уюмун америкалык аскерлер АКШнын ишенимдүүрөөк союздашы катары эсептешерин жазды.

XS
SM
MD
LG