Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:36

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Шаркыратма айылында 9-майда жер көчкү жүрдү. Болжол менен 20 000 м³ жер көчкү бир үйдү, сарайды жана ички чарбалык жолдун 30 метр аралыгын басып калган.

Үйдүн ээси аны жайында чөп чабыкта эле колдонуп келген. Жабыркагандар жок.

Адистер айылдагы кооптуу аймактагы дагы бир үйдүн жашоочуларын коопсуз жайга көчүргөн.

Ошондой эле мурда жер көчкү түшкөн аймакка мыйзамсыз түрдө үй куруп алып жашап жаткан 24 үй-бүлөгө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жергиликтүү бийликке жер маселесин чечип, көчүрүп чыгаруу боюнча сунуш берилди. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG