Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Мун Чжэ Ин: Шарт болсо Пхеньянга да барам


Мун Чжэ Ин шайлоонун алдында тарапкерлери менен
Мун Чжэ Ин шайлоонун алдында тарапкерлери менен

Түштүк Кореяда мөөнөтсүз президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыгарылып, анда уткан Мун Чжэ Ин 10-майда ант берди.

64 жаштагы либерал-демократ Мун Чжэ Ин алгачкы сөзүндө эле Корей жарым аралындагы "коопсуздук кризисин жөнгө салууга" илгиртпей киришерин жарыялады.

"Эгер керек болсо түз эле Вашингтонго барам. Бээжинге да, Токиого да барам. Эгер шарты туура келсе Пхеньянга да барам" деди жаңы президент.

Акыркы жыйынтыкка караганда Чжэ Ин 41,1% добуш алды. Анын негизги атаандашы, консерватор Хун Жун Пё 25,5% добушка ээ болгон.

Коррупциялык ишмердигине байланыштуу Түштүк Кореянын мурдагы президенти Пак Кын Хеге импичмент жарыяланып, ал учурда сот жообуна тартылып жатат.

Кезексиз шайлоо өлкө экономикалык кыйынчылыктарга туш келип, коңшу Түндүк Корея менен чыңалуу кайра курчуп турган кезде өттү. (MTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG