Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

11-майдын аба ырайы


11-майда түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Күндүз Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28;

Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9, күндүз 17...22;

Нарында түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз 3...8.

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 13…15°, күндүзгү жогорку температурасы 26…28°.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG