Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Европа банкы экономикалык өсүү отчетун жарыялады


Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы.
Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы.

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы өзү иш жүргүзгөн өлкөлөрдө 2017-18-жылдардагы экономикалык өсүү тууралуу баяндама жасады.

Банктын 10-майдагы отчетуна ылайык, ал аймактарда экономиканын жалпы өсүшү быйыл 2,4% болсо, эмки жылы 2,8% гана жетиши күтүлөт.

Болжол мунай баасы, геосаясий чыңалуу жана санкциялардын узарышына негизделип чыгарылган.

Ага ылайык, Орусия экономикасы быйыл 1,2 пайыз жогоруласа, кийинки жылы 1,4 пайызга гана көтөрүлөрү көрсөтүлөт.

Борбор Азия менен Чыгыш Европада жана Кавказда көрсөткүчтөр бир аз төмөндөшү күтүлүүдө.

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы Чыгыш Европадан тарта Марокко менен Монголияга чейинки 36 өлкөдө иш алып барат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG