Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Демократтар ФБР жетекчисинин кызматтан алынышын сындашууда


Чарльз Шумер
Чарльз Шумер

АКШ Конгрессиндеги Демократтар ФБР жетекчиси Жеймс Комини кызматтан алганы үчүн президент Дональд Трампты сындап чыгышты.

Президенттин кадамын айрымдар "ачуу келтирген" жана "никсондук" ыкма деп мүнөздөшүүдө.

"Конгресс биздин шайлоого Орусия кийлигишип, Трамптын жеңишине салым коштубу дегенди иликтөөдө. Сенат муну иликтеп жатканын билебиз. ФБР Трамптын шайлоо штабы орустар менен тил табышып алганбы же жокпу – өтө олуттуу айыпты иликтеп жаткан. Бул иликтөөлөр президенттин үйүнө өтө чукулдап калды беле?", деп суроо салат Сенаттагы демократтардын лидери Чарльз Шумер.

Дагы бир сенатор Патрих Лихи Коминин четтетилишин АКШнын мурдагы президенти Ричард Никсондун "Уотергейт" чыры күчөгөн маалда башкы прокурорду кызматтан алганы менен салыштырды.

Демократтар ошондой эле эми Конгрессти Москва америкалык шайлоого киришкенин бышыктаганын териштирүүгө көз карандысыз атайын прокурор дайындоо демилгесин көтөрүштү. Сенаттагы Коргонуу комитетинин төрагасы, республикачы Жон Маккейн Орусиянын таасирин иликтөө үчүн «атайын комитеттин» зарылдыгын туура көрөт.

Конгресстеги көпчүлүк республикачылар Трамптын чечимин кубатташты. 9-майда кызматтан алынган Коминин ордуна ким келерин Ак үй азырынча айта элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG