Бүгүн Жогорку Кеңеш Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешке парламенттик оппозициядан өкүл шайлады.
Парламенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, «Республика-Ата Журт» фракциясынан Руслан Казакбаевдин, «Ата Мекенден» Наталья Никитенконун жана «Өнүгүү-Прогресстен» Мирлан Бакировдун талапкерлиги көрсөтүлдү.
Электрондук жашыруун добуш берүү жыйынтыгында Руслан Казакбаев тандалып алынды.
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кесипкөй кызматтык ишти, туруктуулукту жана көз карандысыздыкты камсыз кылууга багытталган. (RK)