Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:14

Мэттис Балтикада Орусиянын аскер күчү көбөйгөнүн сындады


Жеймс Мэттис
Жеймс Мэттис

АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис Балтика өлкөлөрүнө жакын аймакта Орусиянын аскер күчтөрү көбөйгөнүн айтып, муну "дестабилдештирүүчү" кадам деп атады.

Бул тууралуу ал 10-майда Литва президенти менен Вилньюста өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Өткөн жылы Орусия "Искандер" ракетасын Балтика боюндагы анклавы - Калининградга жайгаштырган. Москва аны аскердик окуу-машыгуунун бир бөлүгү деп билдирген. Бирок Батыш аскер жетекчилери ракета туруктуу кала бериши ыктымал деп чочулашууда.

Ошол эле учурда америкалык "Патриот" абадан коргонуу системасы быйыл жайдагы НАТОнун машыгуусу учурунда Балтика аймагына жайгаштырылары тууралуу кабарлар чыккан. Бул боюнча суроолорго Мэттис жооп берүүдөн баш тартты.

Ал НАТОнун аймактагы мүмкүнчүлүктөрү коргонуу мүнөзүнө ээ деп белгиледи.

Ал эми Литва президенти Дали Грибаускайте сөзүн "Бизге коргонуу жана тизгиндөө үчүн бардык зарыл каражаттар керек. Аларды биз биргеликте чечебиз" деп жыйынтыктады.

XS
SM
MD
LG