Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Президент Атамбаев Мун Чже Ин менен Макронду куттуктады


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Түштүк Кореянын президенттик шайлоосунда утуп чыккан Мун Чже Ин менен Франциянын жаңы президенти Эммануэл Макронду куттуктады.

Президент кесиптештерине ден соолук, мамлекеттик кызматта ийгилик, ал эми Франциянын жана Түштүк Кореянын элине тынчтык, өнүгүү каалады.

Куттуктоо телеграммаларында президент Атамбаев эки мамлекет менен мындан ары да кызматташтык уланарына ишенерин белгилеген.

Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Эммануэл Макрон 7-майда өткөн президенттик шайлоодо утуп чыгып, Франциянын президенти болуп калды.

9-майда Түштүк Кореяда мөөнөтсүз президенттик шайлоо өтүп, анда уткан Мун Чжэ Ин 10-майда ант берип, ишке киришти. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG