Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:53

Лавров: Сирияда коопсуз тилке боюнча АКШ менен кызматташабыз


Трамп менен Лавров Вашингтондо жолукту

10-майда АКШ президенти Дональд Трамп Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды. Анда Сирия маселеси, тагыраагы бул өлкөдө тынчтык орнотуу үчүн төрт коопсуз аймак түзүү маселеси талкууланды.

Биз АКШ бул маселелерде эң активдүү роль ойноосуна кызыкдар экенибизди бышыктадык. Бери дегенде түштүк деэскалация зонасы боюнча америкалыктардын ачык кызыкчылыгы бар. Бул процессте алар демилгечи ролдо болот деп ойлойбуз. Сөз болгон башка аймактардын коопсуздугу, ок атышпоо режиминин аткарылышын байкоо, гуманитардык көйгөйлөрдүн чечилишине Кошмо Штаттар түздөн түз салым кошот деп үмүттөнөбүз”, - деди Лавров жолугуудан кийинки маалымат жыйынында.

Министр Лавров Сирияда коопсуз аймак түзүүнү АКШ жетекчилиги демилгелегенин, Астанада түзүлгөн меморандум ага шайкеш экенин, Орусия бул маселеде кызматташууга даярдыгын белгилейт.

Трамп жолугушууну “абдан жакшы” өттү деп баалап, Сириядагы адам өлүмү токтотулушу керектигин, бул үчүн бардык тараптар иштеп атышканын билдирди.

Трамп президенттикке киришкенден бери Кремлден жогорку даражалуу өкүл менен биринчи жолу жолукту.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG