Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:58

"Реал" Чемпиондор лигасынын финалына чыкты


Испаниянын "Реал" футболдук клубу УЕФАнын (Европанын футбол Асссоциацияларынын бирлиги) Чемпиондор лигасынын финалына чыкты.

11-майга караган түнү Чемпиондор лигасынын жарым финалдагы жооптук беттешинде Испаниянын Мадрид шаарынын "Атлетико" клубу өз талаасында "Реал" командасын кабыл алды. "Висенте Кальдерон" стадионунда өткөн оюн 2:1 эсебинде талаа ээлеринин пайдасына аяктады.

Оюндун 16-мүнөтүнө чейин эле "Атлетико" оюнчулары эки гол киргизүүгө жетишти. Алгачкы голду Сауль атаандашынын дарбазасына узатса, төрт мүнөт өтпөй Антуан Гризман пенальтини ийгиликтүү пайдаланды. Биринчи тайм бүтөөрүнө саналуу мүнөттөр калганда Иско "Реал" эсебине бир гол жазды. Оюндун экинчи бөлүгүндө командалар эсепти өзгөртө алышкан жок.

Эки жума мурда болгон жарым финалдагы биринчи беттеште "Реал" өз талаасында Криштиану Роналду киргизген үч гол менен жеңишке жетишкен эле. Ошентип эки оюндун жыйынтыгында "Атлетико" Чемпиондор лигасынын оюндарынан четтетилсе, "Реал" финалга чыкты.

Финалда "Реал" оюнчулары Италиянын Турин шаарынын "Ювентус" клубу менен ойнойт. "Ювентус" жарым финалда Франциянын "Монако" клубун утуп алган.

Чемпиондор лигасынын финалдык таймашы 3-июнда Уэльстин (Британиянын) Кардифф шаарындагы "Миллениум" стадионунда өтөт. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG