Нааразылык иш-чарасы элчилик менен катар жайгашкан Евробиримдик өкүлчүлүгүнүн ачык эшиктер күнүнө туштап уюштурулууда. Акциияны уюштуруп жаткан "Саясий туткундарды коргоо" комитетинин маалымдашынча, алар Евробиримдиктен Кыргызстандын мамлекеттик органдары үчүн, анын ичинде башкы прокуратурага, сотторго, адилет министрлигине, БШКга жана башка мамлекеттик түзүмдөргө грант берүүнү токтотууну талап кылышмакчы. Ошондой эле Кыргызстанда айрым жетекчилерге Евробиримдик өлкөлөрүнө кирүүгө виза берилбесин деген талап да коюлат деп белгилешти уюштуруучулар.
Оппозиция Кыргызстанда саясий куугунтук күч алды деп белгилөөдө. Ал эми бийлик мындай айыптоону четке кагып келет.(ZKo)