Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:02

Бишкекте өспүрүмдү коюп кеткен "Мерседес" автоунаасы изделүүдө


Бишкек.
Бишкек.

10-майда Бишкекте 15 жаштагы өспүрүмдү коюп кеткен "Мерседес" автоунаасынын айдоочусу изделүүдө. Бул тууралуу Кайгуул-күзөт кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Жакып Жумаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, түнкү саат ондордо "Кудайберген" автобазарынын аймагында "Мерседес" автоунаасы 8-класстын окуучусун коюп, из жашырып кеткен. Өспүрүм алган жараатынан ооруканада каза тапкан.

10-май күнү күндүз да Бишкектин Алматы-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде 16 жаштагы кызды автоунаа коюп кетип, айдоочу кызды ооруканага жеткирген. Текшерүүдө айдоочу алкогол ичимдигин ичпегени аныкталган.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жыл сайын орто эсеп менен миң киши жол кырсыгынан каза табат. Ар бир үчүнчү кырсыкка айдоочулардын ылдамдыкты ашыра айдоосу себеп болот.(KE/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG