Ушул тапта "Саясий туткундарды коргоо комитети" Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүүдө. Аталган комитет төрагасы Сапар Аргымбаев нааразы тарап немис элчилигине кайрылуу жолдой турганын билдирди. Анда Евробиримдик, анын ичинде Германияга Кыргызстандагы бийлик режимин саясий жана каржылык колдоону токтотуу чакырыгы ташталган.
- 25 саясий туткунду негизсиз жерден кармап, алардын укугун одоно бузган саясий режимди Евробиримдик айыптап, ага карата колдоонун бардыгын токтотсун, - деди Сапар Аргымбаев.
"Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, азырынча элчиликтен эч ким чыга элек. Абалга милиция көз салууда.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 17-апрелде "бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган" деп камакка алынган Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыраткан, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу камаган. Бийлик алар мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракеттенгенин айткан. Өздөрү жана жергиликтүү жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын, далили жок соттогонун белгилеп келишет. Адвокаттар Биринчи Май райондук сотунун үстүнөн жогорку инстанцияга кайрыларын билдиришкен. Соттолгон төртөөнөн тышкары Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматов да жогоркудай кине менен камакта отурушат, соту аяктай элек.
Аларды негизсиз камап койду деген жүйө менен жакындары, активисттерден турган Саясий туткундарды коргоо комитети былтыр сентябрда Бишкекте түзүлгөн. (KJ/NT)