Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

БШК журналисттерге шайлоо системасын түшүндүрүүдө


Боршайкомдун кызматкерлери ЖМК өкүлдөрүнө шайлоо системасынын иштөө иретин түшүндүргөн семинар өтүүдө. Анда журналисттер өздөрү шайлоочулардын ролунда болуп, добуштарды автоматтык түрдө саноо системасын сынап жатат.

Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова система ачык болуп калганына карабай, айрым сасатчылар деле шек санагандыктан, журналисттерге добуш берүү системасы көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

Ал ошондой эле президенттикке ат салышарын ачык айткан айрым саясатчыларды мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзүүдөн баш тартууга чакырды:

- Эгер алар биздин чакырыгыбызга көңүл бурбай, үгүттөө иштерине окшош иш-аракеттерин уланта бере турган болсо, кийин талапкерлерди каттоодо маселе жаралышы мүмкүн,- деди Шайлдабекова.

Кыргызстанда былтыр 11-декабрда 400гө жакын айылдык жана 20дан ашык шаардык кеңештерге шайлоо, ошондой эле Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөн. Алардын бир катарында добуш берүү жыйынтыктарына жана шайлоочулардын тизмесине байланыштуу нааразылыктар чыккан.

28-майда айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт, ал эми күзүндө президент шайланат. (KR/NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG