Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

Европа банкы Орусияны каржылоону жандантуудан баш тартты


Сума Чакрабарти
Сума Чакрабарти

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы 10-майда Кипрдеги жыйынында Орусиянын жаңы кредиттер үчүн тыюуну алуу өтүнүчүн четке какты.

Банк жетекчиси Сума Чакрабарти 2014-жылы батыш санкциялары киргизиле баштаганда кабыл алынган насыя берүүнү токтотуу "акыркы жана милдетүү" чечим болгонун билдирди.

Банк өкүлүнүн айтымында, Кипрдеги жыйында Европа банкынын башкармасынын 65 мүчөсүнүн төртөө гана - Кыргызстан, Беларус, Армения жана Монголия Орусияга кайра насыя бере баштоону жактаган. Ал эми Азербайжан менен Өзбекстан пикир билдирүүдөн баш тарткан.

Орусия экономика министри Максим Орешкин чечимден кийин "банк өнүгүүнүн эмес, тышкы саясаттын куралы болуп калды" деп сындады. Министр эми Азия инфраструктура банкы, Кытай үстөмдүк кылган БРИКС банкы өңдүү "саясатташпаган" мекемелерден каржы алууга көңүл буруларын кошумчалады.

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы 1991-жылы постсоветтик жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн базар экономикасына өтүүсүнө көмөктөшүү максатында түзүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG