Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:52

Тажикстандын атайын кызматы "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп кеткен полковник Гүлмурод Халимовдун уулу Бехрузду кармаганы кабарланууда.

"Азаттыктын" тажик кызматынын Башкы прокуратурадагы булагынын айтымында, 18 жаштагы Бехруз Халимов апрелде Душанбенин аэропортунда кармалып, азыр тергөө абагында. Ал Орусия аркылуу Сириядагы атасына барууну көздөгөнү белгиленет.

Анын кармалганын мурдараак туугандары да ырасташкан, бирок алар аны Сирияга бармак эмес деп билдиришкен. Айылдаштарынын бири атасы качкандан кийин үй-бүлөнү багуу түйшүгү сегиз баланын туну Бехруздун мойнуна түшкөнүн, ошон үчүн Орусияга кетип баратканын айтат.

Гүлмурод Халимов тажик ОМОНунун командири кезинде, 2015-жылы Сирияга кетип, "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулган.

40 жаштагы Халимов бул чечимин Ички иштер министрлигиндеги эрежелерге, анын ичинде мусулман кийимин кийүүгө тыюу салынганына байланыштуу деп чечмелеген. Чалгын кызматтарынын маалыматтарына караганда, ал учурда террордук топтун лидерлеринин бири. Тажикстанда ага үч берене боюнча кылмыш иши козголгон, АКШ анын жүргөн жерин атаган адамга 3 млн доллар сыйлык убада кылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG