Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Самат Шырдаков Азия чемпиондугунун коло байгесин тагынды


Самат Шырдаков кызыл кийимчен. 1-май, 2017-ж. Нью-Дели.
Самат Шырдаков кызыл кийимчен. 1-май, 2017-ж. Нью-Дели.

Ушул күндөрү Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Самат Шырдаков коло байгенин ээси болду.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайты жазып чыккандай, 80 килограммга чейинкилер арасында 10-майда күч сынашты. Алгач чейрек финалда ирандык Рамин Солтанморад Тахерисартангга 8:0 эсебинде жеңилген. Иран балбаны финалга чыккандыгына байланыштуу Шырдаковго коло үчүн күрөшүүгө жол ачылды. 3-орун үчүн күрөштө казакстандык Даниял Гажиев менен беттешти.

Таймаштын биринчи бөлүгүндө балбандар өз эсептерине бирден упай топтошту. Экинчи айлампада казакстандык күрөшчү алгач бир упай алса, ага удаа эле кыргыз балбаны бир упайлык ыкма жасап эсепти теңеп алды. Бул эки балбандын таймашындагы акыркы аракет болгондуктан жеңиш кыргызстандык Самат Шырдаковго ыйгарылды.

Самат Шырдаков эл аралык класстагы спорттун чебери. 2013-жылы жаштар арасында Азия чемпиондугунда күмүш медал тагынган.

Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча күч сынашууларда Шырдаков менен кошо Нурбек Абдуганиев (66 килограмм), Бүргө Бейшеналиев (75 килограмм) килемге чыгып алгачкы беттештеринде атаандаштарына жеңилип мелдештен четтеди.

Бүгүн күрөштүн ушул эле түрүнөн 2016-жылы жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон Калы Сулайманов (59 кг), спорт чеберлери Нургазы Асангулов (71 кг) жана Асхат Бейшебеков (85 кг) күч сынашты. Бейшебеков чейрек финалда казакстандык Азамат Кустубаевге жеңилип 7-орунга чыкты. Сулайманов менен Асангулов коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Байгелүү орундар үчүн күрөш мелдештин кечки бөлүгүндө уланат.

Спорт күрөшү боюнча Азия чемпиондугу 14-майга чейин уланат. 10-майда башталган грек-рим, эркин жана кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча Азия чемпиондугуна Кыргызстандан 17 балбан аттанган.

Аларды беш машыктыруучу жана эки дарыгер коштоп жүрөт.

Улуттук курама командаларды мелдешке жөнөтүү үчүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы спорттун Олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынан 2 миллион 486 миң сом бөлүнгөн. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG