Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:44

Орусия: "Покемон" ойногон блогер шарттуу кесилди


Руслан Соколовский.
Руслан Соколовский.

Екатеринбург соту орусиялык блогер Руслан Соколовскийди диний ишенимге шек келтирген деп 3,5 жылга шарттуу кести. Андан тышкары коомдук жумушка милдеттендирди.

Прокурорлор блогерди 3,5 жылга эркинен ажыратууну, жазасын жалпы колонияда өтөөсүн сурашкан.

Соколовский чиркөөдө "Покемон" интернет оюнун ойноп тентектик кылган, муну менен диний ишенимге шек келтирген делип, 2016-жылдын сентябрында кармалган. Андан тышкары ал патриарх Кириллдин аброюна шек келтирген деп күнөөлөнгөн.

Блогер айыптарды четке кагып, өзүн экстремист эсептебей турганын айтып келет.

"Мемориал" укук коргоо борбору 22 жаштагы Соколовскийди саясий туткун деп тапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG