Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:53

Кыргызстанда санариптик телерадиоберүүгө өтүүгө байланышкан маселелерди чечүү үчүн ыкчам штаб түзүлөт.

Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, ыкчам штабга санарип боюнча маселелерди өз убагында чечүү, элге санарипке туташтырууга жардам көрсөтүү жана мүчүлүштүктөрдү жоюу милдети жүктөлөт.

Штаб техникалык адистер тобунан турат. Бүгүн санарип боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Анда Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев ушул тапта республика боюнча 54 санариптик тараткыч (передатчик) орнотулганын, бул өлкө калкынын 95 пайызын санариптик телеберүү менен камсыздай турганын айтты.

Анын белгилешинче, калган 5 пайызы, 326 калктуу пункт “радиобайланыш жетпеген аймактарда” жайгашкан. Аларда тиешелүү жабдуулар орнотулуп бүткүчө аналогдук телеберүүлөр өчүрүлбөйт.

Кыргызстандын башка аймактарында аналог 15-майдан тарта өчүрүлөрү эскертилген. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG