Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

Казарман-Макмал жолу убактылуу жабылды


Казарман-Макмал жолунун бузулган жери.
Казарман-Макмал жолунун бузулган жери.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда Казарман-Макмал автожолунун кыртышы бузулуп, каттам убактылуу токтоду.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, 9-майда Макмал алтын комбинатына баруучу жолдун 46-чакырымында жер кыртышы сүрүлүп, жол ортосунан бөлүнүп калган. Киши өмүрүнө зыян келген жок.

Жолдун сүрүлгөн жерине Макмал алтын комбинатынан техникалар тартылып, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

"Кыргызалтын" ишканасынын маалыматы боюнча, быйыл январда "Макмалалтын" комбинаты 27 килограммдан ашуун алтын өндүргөн. "Кыргызалтындын" негизги өндүрүш бөлүмү болгон комбинатта миңден ашуун адам иштейт. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG