Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:38

Мирзиёев: Адам укуктарынын корголушу реформалардагы приоритет


Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

Өзбекстан Бириккен Улуттар Уюму менен конструктивдүү жана ачык диалогдун өнүгүүсүнө кызыкдар. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев БУУнун комиссары Зейд Раад ал-Хусейн менен жолукканда айтканын өзбек Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Жолугушууда Мирзиёев "адам укуктарынын корголушу Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан терең структуралык реформалардын приоритети" экенин билдирген.

Өзбекстан эгемендик алгандан бери бул өлкөгө БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары биринчи келиши.

Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун өкүлдөрү жолугушуу Мирзиёев үчүн каримовдук баракты жабуу мүмкүнчүлүгү экенин белгилешти. Ошол эле учурда алар Өзбекстанды "багытын өзгөрткөнүн далилдөө үчүн миңдеген саясий туткундарды абактан бошотууга" чакырышты.

Маркум өзбек президенти Ислам Каримов каяша айткандарды куугунтуктап, чейрек кылым өлкөсүн катуу чеңгелде кармаганын укук коргоочулар айтып келишкен. Шавкат Мирзиёев бийликке келгени саясий туткун делип жылдап абакта жаткандардын айрымдарын бошотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG