Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:26

Ооганстан: "Хезб и Ислами" куралын таштоодон баш тартты


Хекматиярдын Кабулдагы сүрөтү. 2-май, 2017-жыл

Ооганстандагы "Хезб и Ислами" тобу өкмөт менен тынчтык келишимине жетишкенине карабай, куралын таштоо убадасынан баш тартты.

- Үч жарым миң жоокерибизге Талибан менен "Ислам мамлекети" сыяктуу экстремисттик топтордон коргонуу үчүн курал керек. Алар куралын таштаса коопсуздугуна ким кепилдик берет?, - деди уюмдун маалымат катчысы Карим ар-Рахман 11-майда.

Өткөн жылы аталган топ менен ооган өкмөтү тынчтык келишимине жетишкен. Ага ылайык, "Хезб и Ислами" куралын таштамак. Уюм ооган армиясына да кошулары да айтылып жаткан. Буга жооп иретинде "Хезб и Исламинин" анабашы, 90-жылдары Оогандын премьери кезинде миңдеген адамдарды өлтүрүүгө айыпталган Гүлбеддин Хекматиярга мунапыс берилген. Ушундан соң жыйырма жыл бозгунда жүргөн Хекматияр Кабулга кайтып, өлкө президентине жолуккан жана Талибанды өкмөт менен тил табышууга чакырган.

Бул билдирүү Хекматияр менен жарашканы үчүн сынга алынган президент Ашраф Ганиге нааразылыкты күчөттү. Ганинин маалымат катчысы Дава Хан Менапал өлкө коопсуздугу өкмөттүн моюнунда экенин айтып, "Хезб и Исламиден" чочулоо негизсиз деди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG