Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Жер титирөөдөн кийин тажикстандык кыргыздар жер которду


Лахш (Жерге-Тал) районунда эки аптадан бери жер титирөө уланып жатат. Буга байланыштуу Алга жамаатында жашаган үч үй-бүлө Кыргызстанга көчүп келгенин тажик расмийлери "Азаттыктын" тажик кызматына ырасташкан.

Көчүп келгендердин Тажикстандагы үйлөрү жараксыз абалга келген. Лахштын жашоочулары акыркы күндөрү көчөдө түнөп жатканын айтышууда. 3-4-майда болгон катуу жер титирөөдөн Алга жана Лахш жамаатына караштуу беш кыштакта үйлөр талкаланган.

Алга жамаатынын төрагасы Давлат Маннонов “Азаттыктын” тажик кызматына маек берип жатып, Кыргызстанга көчкөндөр үйлөрүн корккондугу үчүн таштап кеткенин айткан.

- Азыркы тапта ал жакка үч үй-бүлө жер которду. Паспорттук каттоодон расмий чыга элек. Артка кайтуу же калуу чечимин кабыл алыша элек, - деди Маннонов.

Лахштагы кыйраган үйлөрдүн так саны белгисиз. Бирок жашоочулардын айтымында алар онго жакын.

Райондогу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмүнүн жетекчиси Кутбиддин Муродов “Азаттыктын” тажик кызматына кырсыктын чыгымын тактоо иши жүрүп жатканын билдирди. “Журналисттерге комиссиянын иши тууралуу кабарлайбыз” деди ал.

Лахш районундагы Алга жамаатынын көпчүлүк жашоочусун этникалык кыргыздар түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG