Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:13

Евробиримдик Украинага виза режимин жеңилдетүүнү колдоду

иллюстрация
иллюстрация

Евробиримдик өлкөлөрү 11-майда Украинага виза режимин жеңилдетүүнү колдошту. Еврокеңеш менен Европарламент бул чечимди 17-майда бекитишери күтүлүүдө.

Ал 11-июнда күчүнө кирсе, украиналыктар Шенген аймагына токсон күнгө кире алышат.

44 миллион калктуу Украина бул процесске 2015-жылдын декабрынан тарта зор ынтаасын салууда. Кыска убакытка визасыз режимди Еврокомиссия ошондо сунушталган.

2013-жылдын аягында Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович Европа менен жакындашууну жактаган келишимге кол койбой койгондо өлкөдө жаңжал чыгып, 2014-жылдын башында бийлик кулатылган.

XS
SM
MD
LG