Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:06

БУУнун баш катчысы Чеченстанда кумсаларды куугунтуктоону токтотууга чакырды


Баш катчы Антониу Гутерриш чечен бийлигин кармалган кумсаларды бошотууга чакырганын уюмдун басма сөз катчысы Стефан Дуярич журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

"Эч ким сексуалдык өзгөчөлүгү үчүн куугунтукка алынбашы керек" деген Дуярич орус бийлиги "гомофобиялык билдирүүлөрдү кескин сындай албаганы - кумсаларга зомбулукту жана жек көрүүнү күчөтүүдө" деп кошумчалады.

Мурдараак Улуттар уюмунун адам укуктары комиссары Зейд ал-Хусейн Чеченстанда кумсалардын куугунтукталышы боюнча маалыматты кылдат иликтөөгө чакырган эле. Ал кырдаалга кунт коюп, байкап жатканын айткан.

Өткөн жумада орус президенти Владимир Путин ички иштер министрлигине жана укук коргоочу аткаминерге Чеченстандагы кумсалардын куугунтукталганы тууралуу "айың кепти" иликтөөнү тапшырган.

Чечен бийлиги эч кандай куугунтук жоктугун маалымдоодо.

XS
SM
MD
LG