Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:08

Бишкекте 15 жаштагы өспүрүмдү коюп кеткен айдоочу кармалды


Кайгуул-күзөт башкармалыгынын маалыматы боюнча, өспүрүмдү коюп, из жашырып кеткен ак түстөгү "Мерседестин" 58 жаштагы айдоочусу 11-майда кармалды. Ал өспүрүмдү коюп кеткен күнү мас абалында болгонун айткан. Унаанын капшырылган бөлүгү жана сынган чырагын катып койгон жеринен милицияга алып чыгып берген. Айдоочу Бишкек ИИБсынын убактылуу камоо жайына киргизилди.

10-май күнү түнкү саат ондордо "Кудайберген" базары тарапта "Мерседес" автоунаасы коюп кеткен өспүрүм ооруканада каза болгон.

Расмий маалыматтар боюнча, жылына миңден ашуун адам жол кырсыгынын курмандыгы болот.

Өткөн жылы айдоочусу мас абалында жол кырсыгына кабылган 101 автоунаа катталган. Андан 12 адам каза таап, 97 киши жараат алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG