Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Петербург терактына шектелген алты кишиге айыбы угузулду


Орусиянын Тергөө комитети 11-майда Петербург метросундагы теракт боюнча алты кишиге айып такты жана алгач ирет алардын ысымдарын атады.

Тергөө комитети тараткан маалыматка ылайык, Бахрам Эргашев, Ибрагимжон Эрматов жана Махамадюсуф Мирзаалимов террордук акт уюштуруу, жардыруучу затты мыйзамсыз алуу, сатуу жана сактоого айыпталууда.

Кийинчерээк ушундай эле беренелер менен Сейфулла Хакимов, Азамжон Махмудов жана Дилмурод Муйдиновго дагы күнөө тагылды.

Маалыматка караганда, теракт иши боюнча жалпысынан 10 шектүү бар, калгандарына дагы айыптары угузулары күтүлүүдө. Бул арада Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы 11-майда Москвада Эрматов аттуу дагы бир шектүү кишинин кармалганын билдирди.

3-апрелдеги жардыруудан жанкечти менен кошо 16 киши мерт болгон. Ага шектелгендердин көбү борборазиялыктар экени кабарланган. Ал эми жанкечтинин өзү Кыргызстанда туулган Орусиянын жараны деп маалымдалган.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ал-Каида” менен байланышы бар, “Имам Шамилдин батальону” тобу өзүнө алган.

XS
SM
MD
LG