Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:21

АКШ менен Түркия күрттөрдү куралдандыруу маселесин талкуулашты


Күрттөрдүн Пешмерга отрядынын жоокерлери
Күрттөрдүн Пешмерга отрядынын жоокерлери

Лондондо АКШнын коргоо министри Жим Мэттис жана түрк премьер-министри Бинали Йылдырым сүйлөшүү өткөрүп, “Ислам мамлекети” радикал уюмуна каршы күрөшүп жаткан сириялык күрттөрдү куралдандыруу маселесин талкуулашты.

Пентагондун башчысы анын өлкөсү Түркияны коргоого мурдагыдай эле дилгир деп ишендирди. Мэттис Сириядагы күрттөргө берилген курал-жарактан Ирак менен Түркиядагы күрт согушкерлери – Күрт жумушчу партиясы пайдаланышы ыктымал деген Анкаранын камтамасын жакшы түшүнгөнүн белгиледи.

PKK деген ат менен белгилүү жикчилдер партиясы АКШда жана Түркияда террордук уюм деп таанылган. Вашингтон курал-жарактын кас тараптын колуна өтпөшүн көзөмөлдөө үчүн Түркияга чалгындоо маалыматтар менен көбүрөөк бөлүшүп турууну сунуш кылды. Түрк мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоган 16-майдагы жолугушууда президент Доналд Трампты курал боюнча чечиминен баш тартууга үндөрүн эскерткен эле.

XS
SM
MD
LG