Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

Табигый кырсыктардын алдын албаган аткаминерлерге чара көрүлөт


Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдарды жоюу жана алдын алуу боюнча иштин начардыгын белгилеп, атайын чараларды жарыялады.

Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, Ош облусу боюнча өкмөттүн өкүлүнүн биринчи орун басары Ахмаджан Махамадовго, Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары Алишер Бакыевге жана орун басары Ибадат Мырзаибраимовага, Сузак районунун акиминин биринчи орун басары Төрөгелди Түркбаевге, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго менен финансы министри Адылбек Касымалиевге сөгүш жарыяланды.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакуновага, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашевге менен Улуттук энергетикалык холдинг төрагасы Айбек Калиевге эскертүү берилди.

Ал эми Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасы Бакыт Жумашев ээлеген кызматынан бошотулду.

29-апрелден 3-майга чейин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен жаратылыш кырсыктары катталган Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон.

Быйыл айрым айылдарда сел каптоо, жер көчкү, жер титирөө сыяктуу жаратылыш кырсыктарынан адам өмүрү кыйылып, эл көптөгөн чыгымдарга дуушар болууда. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG