Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:13

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу кыргыз редакциясына каршы доо арызды артка алуу чечимин кубаттайт


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Башкы прокурордун кеңсесине кайрылып, "Азаттык" радиосуна каршы берилген доо арыздарды артка кайтарууну сурады.

12-майдагы билдирүүдө Атамбаевдин маалымат кызматы президент доо арыздан баш тартууну сунуш кылганы айтылат. Билдирүүдө Кыргызстан “сөз эркиндигинин негизги принциптерине берилгендиги жана жоопкерчиликтүү журналистиканы урматтары” баса белгиленген.

“Эркин Европа/Азаттык" радиосу кыргыз редакциясына каршы доо арызды артка алуу чечимин кубаттайт. "Азаттык" радиосу Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын маанилүү бөлүгү. Так, чынчыл маалымат таратуу, өлкөдөгү окуяларды көз карандысыз чагылдыруу миссиябызды уланта беребиз” - деп айтылат "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Томас Кенттин билдирүүсүндө.

"Азаттык" радиосу оппозициядагы "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана анын юристтеринин билдирүүлөрүнө байланыштуу кыргыз президентинин ар-намысына шек келтирди деп башкы прокурор Индира Жолдубаева сотко кайрылган.

Президент Атамбаевдин кеңсеси тараткан билдирүүдө ушундай эле негизде сотко берилген Zanoza.kg жана КСДП партиясынын ар-намысына шек келтирди деп айыпталган 24.kg көз карандысыз сайттары тууралуу маалымат айтылбайт.

XS
SM
MD
LG