Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Бишкекте дагы эки окуучуну машина коюп кетти


Бишкекте дагы эки окуучуну бүгүн машина коюп кетти. Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, кырсык Абдрахманов атындагы көчөдө «Народный» дүкөнүнүн жанында болгон.

Экөө тең №64 мектептин окуучулары.

Мээси чайкалып, бетинен, тизе, чыканактарынан жараат алган 11 жаштагы кыз №3 балдар ооруканысынын нейрохирургия бөлүмүндө жатат, ал эми 9 жаштагы баланын жарааты жеңил болгондуктан ал үйүнө кое берилди.

Кыргызстанда жыл сайын 1000дей адам жол кырсыгынан ажал табууда. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте жол коопсуздугуна арналып өткөрүлгөн талкууда айтылды.

"Эгерде бул санды бир жылга бөлсөк, анда күн сайын жолдо 2-3 адам каза болууда" дешет адистер.

Жакында Бишкекте жолду өтүп жаткан эки окуучу баланы машина коюп кеткен. Бирөөнүн абалы дагы эле оор. (RK)

XS
SM
MD
LG