Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 10:15

Иранда президенттикке алты талапкер акыркы теле дебатка катышты. Бул жолку эрөөлдө экономикалык маселелер талкууланды. Президент Хасан Роухани экинчи мөөнөт үчүн ат салышууда. Анын негизги эскичил эки атаандаштары - динаятчы Эбрахим Раиси жана Тегеран шаарынын мэри Мохаммад Бакер Калибаф экономикалык саясатын сындашты. Роухани бийликте турган мезгилдеги экономикалык көрсөткүчтөрдү жактап, атаандаштарын реалдуу эмес убадалары менен шайлоочуларды алдашууда деп айыптады. Иран бийликтери адегенде дебаттар алдын ала жазылаарын айткан. Бирок сынга кабылгандан кийин Шайлоо кампаниясына байкоо салган комитет чечимин кайра карап чыкты. Түз эфирдеги эрөөлдөр 2009 жана 2013-жылкы президенттик ат салыш алдында да өткөрүлгөн. Шайлоо 19-майда өтөт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG