Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Сириянын Демократиялык күчтөрү Ракканы бошотууга даярданууда


Сириянын Демократиялык күчтөрүнүн командачылыгы жайдын башында Ракка шаарын “Ислам мамлекети” экстремист уюмунан кайтаруу операциясы башталарын билдирди. Үстүбүздөгү аптада ал күчтөр АКШнын колдоосу менен Табка шаарын алышкан эле. Жакында АКШ президенти Дональд Трамп Ракка шаарын бошотууга жардам берүү үчүн сириялык күрттөрдүн кошуундарын курал-жарак менен камсыздоого уруксат берген. Бирок бул чечим сириялык күрттөрдүн кошуундарын террорчулар деп эсептеген Анкараны камтама кылууда.

Маселе 11-майда Лондондо АКШ коргоо министри Жим Мэттис жана түрк премьер-министри Бинали Йылдырымдын жолугушуусунда талкууланды. Пентагондун башчысы анын өлкөсү Түркияны коргоого мурдагыдай эле дилгир деп ишендирди.

Мэттис Сириядагы күрттөргө берилген курал-жарактан Ирак менен Түркиядагы күрт согушкерлери – Күрт жумушчу партиясы пайдаланышы ыктымал деген Анкаранын камтамасын жакшы түшүнөрүн белгиледи.

PKK деген ат менен белгилүү жикчилер партиясы АКШда жана Түркияда террордук уюм деп таанылган. Вашингтон курал-жарактын кас тараптын колуна өтпөөсүн көзөмөлдөө үчүн Түркияны чалгындоо маалыматтар менен көбүрөөк камсыздап турууну сунуш кылды. Түрк мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган 16-майдагы жолугушууда президент Дональд Трампты курал боюнча чечиминен баш тартууга үндөөрүн эскерткен эле.

XS
SM
MD
LG