Пакистандын Балучистан аймагында парламенттин жогорку өкүлү бараткан кортеж бомбага кабылып, кеминде 25 киши мүрт кетти, 30дайы жарадар болду. Сенат төрагасынын орун басары Абдул Гафур Хайдери жеңил жараат алып, ооруканага жеткирилди. Премьер-министр Наваз Шариф Хайдериге кол салууну айыптады.
Жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу өзүнө алды. Мастунг районунун саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн өкүлү Шер Ахмел Сатакзай ооруканалардагы 10 кишинин абалы оор деп билдирди.
“Ислам мамлекети" радикал тобунун Амак кабар агенттиги чабуулду жанкечти ишке ашырганын маалымдады.
Ага чейин Пакистан өкмөтүнүн маалымат катчысы Анварул Хак Какар жолдун боюна коюлган бомба жарылганын, Хайдери Жамият Улема-и-Ислам диний-саясий партиянын бир нече мүчөсү жарадар болгонун билдирген. Партиянын лидери Маулана Фазлур Рехман "Талибанды" жактаган жана АКШга каршы позициясы менен белгилүү.
Жаратылыш ресурстарына бай Балучистан көптөн бери мазхаб аралык зордук-зомбулуктан, экстремист исламчылардын чабуулдарынан жана жикчилерден жапа чегип келатат. Ар кыл жаңжалдар 2004-жылдан бери чөлкмөдө миңдеген кишинин өмүрүн алып кетти.