Линктер

дүйшөмбү, 16-июль, 2018 Бишкек убактысы 01:37

Британиядагы бир катар ооруканалардын компьютер системалары бузулгандыгы кабарланды. Болжолу менен алар кеңири масштабдуу кибер чабуулга туш болушту.

Саламаттыкты сактоо кызматы 16 медициналык мекеме жапа чеккенин, бейтаптардын жеке маалыматтары уурдалганы азырынча бышыкталбаганын билдирди. Чабуулга туш болгон оорукана, эмканалар тез жардам керек болбосо, проблема чечилгиче убактылуу кайрылбай турууну эскертишти. Британиянын Улуттук кибер коопсуздук борбору чабуулдун себептерин иликтөөдө.

Маалыматтарга караганда, чабуул жалаң медициналык мекемелерге каршы эмес, башка тармактагы уюмдарга да коюлган. Азырынча бул окуянын Испаниядагы 12-майдагы чабуулдарга тиешеси барбы же жокпу белгисиз.

XS
SM
MD
LG