12-майда Москва Хельсинск тобунун сыйлыгын алгандардын ысымдары аныкталды. Бул жылы сыйлык “Беслан үнү” уюмунун өкүлү Элла Кесаева, Санкт-Петербургдагы “Жарандык көзөмөл” уюмунун укук коргоочусу Юрий Вдовин менен Елена Шахова, режиссер-мультипликатор Гарри Бардин, “Кавказ туткуну” басылмасынын башкы редактору Григорий Шведов, коомдук коргоочулар мектебинин координатору Сергей Шаров-Делоне, адвокат Сергей Голубок, "Русь сидящая" кыймылынын негиздөөчүсү Ольга Романова, “Адам укуктары үчүн” кыймылынын өкүлү Евгений Ихлов, укук коргоочу Дмитрий Краюхинге берилди.
Москва Хельсинск тобу адам укуктарынын корголушу жана Орусияда демократияны орнотуу багытында иш алып барат жана бул багытта иштегендерге көмөктөшөт. (КЕ)