Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Күзөт агенттигинен курал уурдагандар табыла элек


Бишкектеги «Альфа-секьюрити» күзөт агенттигинин куралдарын уурдагандар табыла элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов кабарлады.

27-апрелде аталган агенттиктин курал кампасынан "Сайга" үлгүсүндөгү тогуз карабин мылтыкты, он "Макарыч" тапанчасын белгисиз киршилер уурдап кетишкен. Ыкчам-тергөө тобу кампага барганда куралдардын жоголгону жана аны алгандар терезе аркылуу киргени аныкталган. Алар ок-дарыга тийген эмес. Учурда тергөө-иликтөө иштери уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG