Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Кыргыз-Иран банктары кызматташат


Президент Алмазбек Атамбаев Ирандын премьер-министри Мохаммад Жавад Зариф менен. 19-апрель, 2017-жыл
Президент Алмазбек Атамбаев Ирандын премьер-министри Мохаммад Жавад Зариф менен. 19-апрель, 2017-жыл

Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында, эки өлкө банктарынын кызматташуусу боюнча меморандум даярдалды. Ал мекемелер аралык макулдашуудан өткөн соң кол коюлат.

Бишкекте 19-апрелде Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин эки күндүк расмий сапарынын алкагында эки өлкөнүн ишкерлеринин форуму өткөн. Иран делегациясынын курамында келген Борбордук банкынын жетекчиси Кыргызстандагы банктар менен кызматташуу боюнча сунуштарды ала келгенин маалымдаган.

Кыргыз-иран ишкерлеринин кийинки жолугушуусу ушул айда Бишкекте өтөт. Анын алкагында мындан бир жыл мурун түзүлгөн биргелешкен инвестициялык кеңеш да отурумга чогулмакчы.

Былтыр эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 15 миллион долларга жакындаган. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсеге көп. (КЕ/ЕВМ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG