Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Түркияда автобус оодарылып 20 киши каза болду


Иллюстрация
Иллюстрация

Түркиянын түштүк-батышындагы Мармарис шаарында туристтерди ташыган автобус оодарылып, кеминде 20 киши каза болуп, 10дон ашуун адам жараат алды деп жазат Би-би-си.

Түркиянын NTV телеканалы алдын ала маалыматтарга таянып, тоодогу кооптуу бурулуштардын биринде айдоочу автобусту башкара албай калганын кабарлады. Автобус кулаган чоң жол убактылуу жабылды. Жергиликтүү бийликтин айтымында, туристтик автобус Измир шаарынан Мармариске бараткан. Мугла провинциясынын губернатору Амир Чичектин айтымында, каза болгондор жана жабыр тарткандар жергиликтүү, түркиялык туристтер болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда жабыр тарткандар арасында кыргызстандыктар жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG