Линктер

жекшемби, 22-апрель, 2018 Бишкек убактысы 07:09

Бишкек троллейбус башкармалыгы шаарга жаңы троллейбус сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Сатылып алынган транспорт ушул жылы ишке киргизилип, линияга кошулушу керек.

Башкармалыктын директору Артур Өмүрзаковдун “Азаттык” радиосуна айтымында, тендердин суммасы 7,9 млн еврону түзөт. Бул каражатка 50дөй троллейбус сатып алуу пландалууда. Муну менен мэрия шаардагы кичиавтобустардын санын кыскартууну көздөп жатат. Бүгүнкү күндө жалпысынан 104 троллейбус иштеп жатат.

Маалыматка караганда, коомдук транспорт Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын эсебинен алынат.

Буга чейин Бишкек мэри Албек Ибраимов быйыл шаардагы жүргүнчү ташыган 1000ге жакын кичи автобустун ордуна троллейбус жана чоң автобустарды жүргүзүүнү пландап жатканын айткан. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG