Кыргызстанда 14-майда жаан-чачын болбойт. Бирок бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрөлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүйдө жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +30...+35,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +31...+36,
Баткен облусунда түнкүсүн +16...+21, күндүз +30...+35,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +8...+13, күндүз +21...+26,
Нарын жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +23...+28,
Бишкек шаарында күн ачык болот. Түнкүсүн +17…+19, күндүз +32…+34.