Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Өзгөн, Чоң-Алай: жабыркагандарга 2,5 млн сомдой каражат чогулду

Банк эсептери.
Банк эсептери.

Өзгөндөгү жер көчкүдөн жана Чоң-Алайдагы жер силкинүүдөн жабыркагандарга ачылган өз-өзүнчө эсептерге эки жарым миллион сомго жакын каражат түштү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 13-май, саат 17:00гө карата Чоң-Алайдагы тургундарга 1 миллион 321 миң 924 сом 54 тыйын акча чогулду.

Өзгөн районунун Аюу-Сай айылындагылар үчүн 1 миллион 109 миң 209 сом 18 тыйын топтолду. 

Эсепти аталган Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачкан. Каражат чогултуу уланууда. Каалоочулар жогоруда көрсөтүлгөн банк эсептерине акча которсо болот. 

Суроолор менен министрликтин Бишкектеги төмөнкү телефон номуруна чалыңыз: (0312) 54 79 01. 

 

29-апрелде Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жер көчкү бир канча үйдү басып, 24 адам топурак алдында калып, набыт кеткен. Тургундар чатырларда баш калкалап жатышат. 

3-5-май күндөрү жер титирөөдөн Чоң-Алай районунда бир катар үйлөр авариялык абалга жетип, 700дөн ашуун адам чатырларга көчүрүлгөн. Силкинүүдөн Баткен облусунун Кадамжай районунда ондогон турак жайларга жарака кеткен. ​(SE)

 

 

 

XS
SM
MD
LG