Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:12

Трамп: Биз мамлекетке эмес, Кудайга сыйынабыз


АКШ президенти Дональд Трамп.

Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп 13-майда Либерти университетинин бүтүрүүчүлөрү менен жолуккан учурда айтты. Аталган христиан окуу жайы Виржиния штатындагы Линчбург шаарында жайгашкан. Бул Трамптын университеттин бүтүрүүчүлөрү менен президент катары алгачкы жолугушуусу. Тарыхка кайрылган президент америкалыктарды ортого чогулуп отуруп жаратканга сыйынган пилигримге салыштырды.

“Американы негиздеген аталарыбыз Төбөлсүздүк декларациясынын текстине Кудайдын атын төрт жолу белгилеп жазышкан”, деген Трамп америка акчасындагы белгилерде “Биз Кудайга ишенебиз” деген жазуу бар экенин айтты. Ошондой эле ал АКШнын жарандары кызматка киришип жатып Инжилге колун коюп, Кудайдан жардам сурашарын бүтүрүүчүлөрдүн эсине салды. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG