Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:43

Талас: өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү көкбөрүчүлөрдү сыйлады


Архив

"Кыргыз элинин ат оюндарын өркүндөтүүгө, анын ичинен көк бөрү оюнун жайылтууга жана даңазалоого кошкон салымы үчүн" Таластын “Ынтымак” курама командасы өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү тарабынан сыйланды. Аталган команда 21-март күнү өткөрүлгөн “Нооруз-2017” жана 9-майда Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата уюштурулган көк бөрү оюну боюнча республикалык мелдештерде биринчи орунду ээлеген. Командадагы 13 оюнчуга кол сааттар жана ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Талас облусунун командалары республикалык көк бөрү оюндарынын тарыхында президенттин кубогун беш жолу уткан. (AlS)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG