Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:53

Азия чемпиондугунда Евлоев күмүш, Мусаев коло медаль алды


Магомед Мусаев. 26.03.2016-ж. Астана.
Магомед Мусаев. 26.03.2016-ж. Астана.

Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргызстандын эркин күрөш балбандары 13-майда бир күмүш жана бир коло байге утушту.

74 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Муслим Евлоев жалпысынан төрт беттеш өткөрүп, үчөөндө жеңишке жетти.
Алгач ирандык Бахман Теймоури менен таймашып утуп алды (5:5). Чейрек финалда түштүккореялык Бюунгминг Гонгду 6:4, жарым финалда жапониялык Цубаса Асайды 6:2 эсебинде утту. Финалда өзбекстандык Бекзод Абдурахмонов менен күч сынашып, 6:0 эсебинде жеңилип күмүш медал тагынды.

Муслим Евлоев менен Цубаса Асайдын жарым финалдагы таймашы.

​Дагы бир эркин күрөшчү Магомед Мусаев (97 кг.) коло байге алды. Мусаев алгачкы беттешинде таиланддык Еккапонг Жанниини 12:0 эсебинде ири айырма менен таза утту. Чейрек финалда казакстандык Ералы Абдрашевди 7:0 эсебинде жеңди. Жарым финалда өзбек балбаны Магомед Ибрагимовго 3:1 эсебинде жеңилип, алтын үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн куру калды. 3-орун үчүн таймашта монголиялык Батзул Улзисайханды 7:2 жеңип, коло медалдын ээси болду.

57 килограмм салмакта Улукбек Жолдошбеков коло байге үчүн таймашта казак балбаны Нурислам Санаевге жеңилди.

65 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Адилет Маматаев чейрек финалда жапониялык Масаказу Канойго 11:4 эсебинде жеңилип мелдештен четтеди.

Бүгүн, 14-майда Айбек Осмонов (61 кг.), Саякбай Усупов (81 кг.), Айбек Касмамбетов (125 кг.) эркин күрөш боюнча таймаштарда Кырызстандын намысын коргошот.

10-майда башталган спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу бүгүн аяктайт. Ушул күнгө чейин грек-рим жана кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн байге ээлери толук аныкталып бүткөн.

Грек-рим күрөшүнүн балбандары Самат Шырдаков (80 кг.) менен Нургазы Асангулов (71 кг.) коло медал тагынса, кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (58 кг.) жеңүүчү болуп, экинчи жолу Азия чемпиону наамына татыды. (ECh).

XS
SM
MD
LG