Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:21

Ислам Шериктештиги оюндары: дзюдочулар эки байге алды


Ислам Шериктештиги оюндарынын байге ээлерин сыйлоо учуру. Отар Бестаев солдон оңго карай үчүнчү катарда. 13-май, 2017-ж. Баку.

Ушул күндөрү Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам Шериктештиги оюндарында кыргызстандык дзюдочулар Отар Бестаев менен Бектур Рысмамбетов коло байгенин ээси болушту.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттиктин маалымат кызматынан билдиришкендей, 13-май күнү болгон таймаштарда 60 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Бестаев сириялык жана марокколук атаандаштарын утту. Бирок финалга чыгуу үчүн таймашта азербайжандык Орхан Сафаровго жеңилген. Коло медал үчүн күч сынашууда казакстандык Бауржан Жаунтаевди утуп алды.

Бестаевдин бул медалы Ислам Шериктештиги оюндарында Кыргызстандын 2005-жылдан бери алгачкы медаль болууда.

73 килограммга чейинки салмакта Бектур Рысмамбетов алгач индонезиялык жана гамбиялык атаандаштарын утту. Жарым финалда чыгуу үчүн беттеште кошумча берилген убакытта түркиялык спортчуга жеңилип калды.

Жооткотуучу беттештин биринчи раундунда иорданиялык спортчуну жеңип, коло медал үчүн таймашта өзбекстандык Гийосжон Бобоновду жеңилүүгө туш кылды. Коло байге үчүн таймаштарда Ксения Бельдягина (57 кг.) жана Мээрим Момунова (63 кг.) да күч сынашып атаандаштарына байгени алдырып, 5-орунду алып калышты.

13-майда дзюдочулардан сырткары ок атуу, сууда сүзүү жана көркөм гимнастика боюнча мелдештерде кыргызстандык спортчулар мелдештерин байгесиз жыйынтыкташты. Ошондой эле боксчулар Азамат Каныбек уулу (75 кг.) жана Мирбек Шеров (56 кг.) 1/8 финалда атаандаштарына жеңилип мелдештен четтешти.

IV Ислам Шериктештиги Оюндарына 54 мамлекеттен 3 миңге жакын спортчу катышып, спорттун 23 түрүнөн 269 комплект медал үчүн таймашышат. Мелдештер 22-майда аяктайт. Кыргызстандан 68 спортчу спорттун 11 түрүнөн катышууда.

Кыргызстандык спортчулар Ислам Шериктештиги оюндарына 2005-жылы алгачкы жолу катышып, ал кезде 8 байге уткан. Иран жана Индонезияда болгон экинчи жана үчүнчү оюндарга катышкан эмес. (ECh).

XS
SM
MD
LG