Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 09:20

Францияда Эммануэл Макрондун инаугурациясы өтүп жатат


Эммануэл Макрон менен Франсуа Олланд.

Бүгүн Парижде Францияда жаңы шайланган президент Эммануэл Макрондун инаугурациясына байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Кызматын тапшырып жаткан президент Франсуа Олланд Макронду Елисей аянтында кызыл килемде тосуп алат.

Макронго жакын адамдардын Reuters агенттигине айтканына караганда, 15-майда премьер-министр, кийинки күнү өлкөнүн жаңы өкмөтү дайындалат.

Франциянын тарыхында 39 жаштагы Макрон эң жаш президент болуп калат. Анын алгачкы сапары 15-майда Германиядан башталып, канцлер Ангела Меркел менен жолугушат. Ал эми майдын соңунда Бюресселде өтө турган НАТОнун саммитине катышып, АКШ президенти Дональд Трамп менен кездешмекчи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG