Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:07

Орусиянын истребители АКШнын учагына дагы жакындады


Орусиянын Су-27 истребители Кара деңиздин үстүнөн АКШнын аскерий-деңиз күчтөрүнүн “Посейдон” чалгын-учагынын жанынан учуп өттү. Бул тууралуу "Фокс-ньюс" телеканалы кабарлады. Маалыматка караганда, окуя 12-майда аннекцияланган Крымдан 160 чакырым аралыкта болгон. Анда орус истребители америка учагына 12 метрге жакындаган.

Мындан мурдарак маалымат каражаттары Кара деңиздин үстүнөн ушундай эле окуя болгонун жазып чыгышкан. Анда Су-30 америка учагына алты метрге жакындаганы айтылган. Кийин Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты ырастаган. Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков райсмий Кремль учкучтун аракетин акталбаган тобокелчилик деп эсептебей турганын айткан. "Фокс-ньюс" катталган окуялар Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Вашингтонго жана Аляскага сапарына чейин жана кийин болгонун билдирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG